ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025 – ЖЫЛДЫН 8 АЙЫНА КАРАТА ОШ ОБЛУСУ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 818,9 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025 – ЖЫЛДЫН 8 АЙЫНА КАРАТА ОШ ОБЛУСУ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 818,9 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ

КРфм

 

Ош облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 670,2 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

  1. Теңдөөчү трансферттер – 450,4 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (статисттин эмгек акысы) – 13,2  млн сом;
  3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 24,4 млн сом;
  4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 71,9 млн сом;
  5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 12,4 млн сом;
  6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 42,6 млн сом;
  7. “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө- 4,0 млн сом.
  8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №450-т тескемесине ылайык, жергиликтуу милдеттерди ишке ашырууну финансылык жактан камсыз кылуу максатында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын оңдоп-түзөөгө жана балдар аянтчасын заманбап оюн атракциондору менен жабдууга-4,0 млн.сом;
  9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июнундагы №537-т тескемесине ылайык, жергиликтуу милдеттерди ишке ашырууну финансылык жактан камсыз кылуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине социалдык объекттердин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 19,0 млн.сом;
  10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын  9-июлундагы №591-т тескемесине ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер Токтомат Зулпуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине-28,3 млн.сом;

Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  -  148,7  млн.сом бөлүнүп берилди.

Жалпы –  818,9 млн сом.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
517

Окшош жаңылыктар