Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ТЕЛЕКАНАЛДАР АРКЫЛУУ КООМЧУЛУККА МААЛЫМАТ БЕРДИ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги калкты министрликтин ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан финансылык саясат тууралуу пландуу түрдө маалыматтандыруу иштерин улантууда.
“УТРК” телеканалынын түз эфиринде КР Финансы министрлигинин штаттык санды жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын начальниги Н.Карыпбаев акыркы 5 жылда айлык-акы боюнча жүргүзүлгөн реформалар жана социалдык камсыздоо багытындагы пландар тууралуу айтып берди. Бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде пландалууда. Эфир Президенттин 5 жылдык ишмердүүлүгүнө арналган жана анда социалдык камсыздоо секторунун өкүлдөрү да катышты.
“Ала-Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Т.Келдибеков 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы, министрликтин коллегиясынын жыйынтыктары жана мамлекеттик каражаттарды эффективдүү пайдалануу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Жогоруда аталган түз эфирлер калкты министрликтин ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан финансылык саясат тууралуу пландуу жана ачык маалыматтандыруу аракеттерин көрсөтүп турат.