Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУУнун ЭЛ АРАЛЫК АЯНТЧАСЫНДА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУУнун ЭЛ АРАЛЫК АЯНТЧАСЫНДА

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2026-жылдын 9–13-март күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча Комиссиясынын 70-сессиясына (CSW70) катышууда.

Кыргыз Республикасынын министрлердик аптасына карата түзүлгөн делегацияга мамлекеттик органдардын, анын ичинде Финансы министрлигинин өкүлдөрү киргизилген. Бул министрликтин аялдардын укуктарын кеңейтүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин эл аралык деңгээлде талкуулоого катышуусун көрсөтөт.

Сессиянын алкагында төмөнкү жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтүүдө:

– «Бардык аялдар менен кыз-келиндердин укуктук адилеттикке жетүүсүн камсыз кылуу жана кеңейтүү» деген приоритеттүү тема боюнча министрлердик тегерек стол, ошондой эле «Гендердик теңчиликке жетишүү жана улгайган аялдардын укуктарын кеңейтүү» деген жаңы актуалдуу тема боюнча тегерек стол;

– аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги отурум;

– аялдардын коомдук жашоого жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун илгерилетүүгө арналган интерактивдүү диалог;

– Пекиндик аракеттер платформасы жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 23-сөзсүз сессиясында кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча жалпы дебаттар.

Кыргызстандын делегациясын КР Министрлер кабинетинин орун басары Э. Байсалов жетектейт. Ал сессиянын негизги отурумдарында Кыргызстандын позициясын билдирүүдө.

Финансы министринин орун басары Ж.Дүйшеева расмий делегациянын курамында иш алып барып, жогорку деңгээлдеги отурумдарга жана комиссиянын иш-чараларына катышып, министрликтин эл аралык форматта өкүлчүлүгүн камсыз кылууда жана өлкө үчүн маанилүү финансы-экономикалык, социалдык жана укуктук маселерди чечуудо финансы менен камсыз кылуу боюнча талкууларга катышууда.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин CSW70 иш-чараларына катышуусу эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана гендердик багыттагы мамлекеттик саясат менен социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында Кыргызстандын позициясын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1294

Окшош жаңылыктар