Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК БЮДЖЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК БЮДЖЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КРФМ

 

Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын  алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиев, орун басары У.И. Календеров жана Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча башкаруу глобалдык практикасынын (EECG1) жетекчиси Адриан Фоззард, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсе башчысы Хью Ридделлдин катышуусунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыктарынын начальниктери менен Дүйнөлүк банктын башка эксперттеринин катышуусунда Кыргыз Республикасында бюджеттик кызматкерлердин эмгек акы моделин өркүндөтүү маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттердин алкагында бюджеттик чөйрөдөгү айрым категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселелери, фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен байланыштырып, ошондой эле бюджеттик туруктуулукту сактоо менен бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысынын түзүмүн калыптандыруунун алдыңкы ыкмаларын, тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мындай методдор  колдонулган өлкөлөрдүн тажрыйбалары талкууланды.

            Жолугушуунун жыйынтыгында Дүйнөлүк банк мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
511

Окшош жаңылыктар