Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА КЕУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУН ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО ФОНДДОРУН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШАТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА КЕУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУН ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО ФОНДДОРУН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШАТ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана бир катар коммерциялык эмес уюмдар - “Жарандык катышуу” коомдук фонду, “Интербилим Ош” ЭБ жана “Youth of Osh” коомдук бирикмеси - кызматташуу жана өз ара аракеттешүү боюнча Меморандумга кол коюшту.

Тараптар күчтөрүн бириктирип, Кыргыз Республикасынын беш шаарында жана айыл аймактарында Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонддорун түзүү жана иштетүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну максат кылышат. Бул долбоордун негизги максаты - жарандарга өз аймактарындагы бюджеттик чечимдерге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берүү, коомчулукка пайдалуу долбоорлорду колдоо жана алардын ишке ашышына көмөктөшүү.

Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жана методикалык жардам көрсөтсө, өнөктөш уюмдар окуу программаларын өткөрүп, калк арасында маалыматтык кампанияларды уюштуруп, демилгелүү топторду долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдоого алышат.

Бул пилоттук долбоор жергиликтүү коомчулуктун бюджетти башкаруудагы ролун күчөтүүгө, каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүүгө жана Фонддордун эффективдүү иштешине шарт түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1954

Окшош жаңылыктар