Тренддер
Кыргыз Республикасында керамикалык плитка жана керамогранит өндүрүүчү ири долбоор ишке ашырылды
КРФМ
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте иш күнүн өткөрдү.
Иш сапардын алкагында Чүй облусундагы «Асылташ плюс» ЖЧКсынын керамикалык плитка жана керамогранит чыгаруучу заводуна баруу уюштурулду.
Министр белгилегендей, «Мамлекеттик финансы холдинги» ААК аркылуу берилүүчү кепилдик механизми улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоонун маанилүү инструменттеринин бири болуп эсептелет. Бул механизм ата мекендик ишканаларга стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржы каражаттарын тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.
2022-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Мамлекеттик финансы холдинги» ААК тарабынан улуттук экономика субъекттерине 66 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берилген. Натыйжада жалпы көлөмү 113 млрд сомдон ашкан долбоорлор каржыланып, ишке ашырылган.
Аталган долбоорлор өнөр жай, энергетика, транспорт жана социалдык инфраструктура тармактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө салым кошууда.
Өзгөчө көңүл өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү колдоого бурулуп келет. Ушундай долбоорлордун бири — «Асылташ плюс» ЖЧКсынын заманбап керамикалык плитка жана керамогранит өндүрүшүн түзүү долбоору болду.
Долбоордун алкагында Италиянын SITI B&T Group компаниясынын заманбап жабдуулары менен камсыздалган жогорку технологиялуу ишкана ишке киргизилди. Өндүрүш ички рыноктун керектөөсүн камсыздоо менен катар экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик финансы холдинги» ААК Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алдында «Асылташ плюс» ЖЧКсы үчүн 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик берген.
Компания бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы керамикалык плитканын ири жеткирүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Жыл сайын болжол менен 2 млн чарчы метр продукция сатылып, рыноктун 20 пайызга жакын үлүшүн камсыздайт. Долбоордун жалпы баасы 40 млн АКШ долларынан ашкан.
Заводдун курулушу 2025-жылы аяктап, ишкана ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачылган.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3 млн чарчы метр плитканы түзөт. Өндүрүш процесси үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, ишкана 24 саат эки нөөмөттө иштейт.
Долбоордун натыйжасында 250 жаңы жумуш орду түзүлүп, жыл сайын 45 млн сомдон ашык салыктык жана социалдык төлөмдөр түшүүдө. Мындан тышкары, эл аралык сапат стандарттарына жооп берген ата мекендик продукция өндүрүлүп, импортту алмаштырууга шарт түзүлдү.
Өндүрүлгөн продукциянын 50 пайыздан ашыгын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Өндүрүштө каолин жана чопо сыяктуу жергиликтүү чийки заттарды колдонуу Чүй облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Министр Руслан Суйналиев журналисттерге берген маегинде Финансы министрлиги мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүүгө, инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштырууга жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик колдоо механизмдерин улантарын белгиледи.
4 сүрөттөр
0.00MB