Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ СҮТ СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ОЛУТТУУ ТҮРТКҮ БЕРДИ: ФЕРМЕРЛЕР ПАЙЫЗСЫЗ ЖАНА КҮРӨӨСҮЗ КАРЖЫЛЫК КОЛДОО АЛЫШТЫ
КРФМ
2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун “Кошумча каржылоо” бөлүгүнүн алкагындагы жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү.
Иш-чараны Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов ачып, өз сөзүндө ал долбоордун алкагында Финансы министрлиги тарабынан “Фермердик чарбалар деңгээлиндеги инвестициялар” деп аталган 3-компонент ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын бул компонент аркылуу фермерлерге бодо мал сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз ссудалар берилгендигин белгиледи.
КР Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоордун аткарылышы жана анын негизги көрсөткүчтөрү боюнча кеңири презентация жасады. Долбоорду аяктоо жыйынтыгынын негизинде Каражаттары жүгүртүү фонду аркылуу 7 378 фермер жалпы 934 598 000 сом өлчөмүндө каржылоо алган.
Бермет Мусакожоеванын айтымында, фермерлер Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында 4–8 адамдан турган Сүт өндүрүүчү зайым алуучулар тобюуна (СӨЗТ) бириктирилген. Жалпысынан фермерлер долбоор аркылуу кеминде 11 миң баш ири мүйүздүү мал сатып алышкан.
Облустар боюнча каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Ысык-Көл облусу (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тон райондору) — 2 372 адам, 311 823 000 сом. Түзүлгөн топтор: 376 СӨЗТ.
- Нарын облусу (Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондору) — 2 468 адам, 311 823 000 сом. Түзүлгөн топтор: 381 СӨЗТ.
- Талас облусу (Талас, Бакай-Ата, Манас, Айтматов райондору) — 2 372 адам, 295 762 000 сом. Түзүлгөн топтор: 426 СӨЗТ.