Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА АЗИЯ ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР БАНКЫ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА АЗИЯ ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР БАНКЫ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КРФМ

 

   2026-жылдын 31-мартында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Акжолов Нурбек Акжоловичтин Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын вице-президенти Константин Лимитовский менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

            Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде азыркы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, келечектеги кызматташтык багыттарын аныктоо жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын Кыргыз Республикасынын экономикасынын инфраструктура, энергетика жана транспорт сыяктуу негизги секторлоруна катышуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

            Өзгөчө көңүл учурдагы инвестициялык долбоорлордун натыйжалуу жүзөгө ашырылышына жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган жаңы демилгелерди иштеп чыгууга бурулду.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда кызматташууну чыңдоого бекем кызыкдар экендиктерин расмий түрдө ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
858

Окшош жаңылыктар