БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАНСФЕРТТЕР  ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 1 488,5  МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАНСФЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 1 488,5 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 363,0 млн сом өлчөмүндө каржыланды, анын ичинен:

 

  1. Теңдөөчү трансферттер – 105,1 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө –5,2   млн сом;
  3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 23,5 млн сом;
  4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 88,3 млн сом;
  5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого-  509,2 млн сом;
  6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 30,4  млн сом;
  7. “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө-  3,0 млн сом;
  8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелеринин негизинде Жалал-Абад облусунун шаарларын (Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кербен) өнүктүрүүгө – 598,2 млн сом;

 

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  - 125,5 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы – 1 488,5 млн сом  

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
673

Окшош жаңылыктар