Menu

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ АСТЫНДА ДУБАЙДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ӨКМӨТТӨР САММИТИНЕ КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ АСТЫНДА ДУБАЙДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ӨКМӨТТӨР САММИТИНЕ КАТЫШТЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-Президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумушчу сапары менен келди. Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев да орун алууда.

Кыргызстандык делегация Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты. Бул саммит мамлекеттик башкаруунун заманбап ыкмалары жана экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулаган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Ачылыш аземинен кийин Адылбек Касымалиев Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, экспорттук-инвестициялык кызматташууну бекемдөө маселелери, ошондой эле «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» ААКсынын мындан аркы ишмердүүлүгү талкууланды. Эмирлик тарап Кыргызстан сунуштай турган жаңы долбоорлорду карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев сүйлөшүүлөргө катышып, финансылык-экономикалык маселелер боюнча коштоо жана эксперттик колдоо көрсөттү.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чет элдик өнөктөштөргө сунушталуучу келечектүү инвестициялык демилгелердин топтомун иштеп чыгууну улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2263

Окшош жаңылыктар