Menu
Тренддер

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин 7-июнь – финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзү
Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!
7-июнь - өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылган ишти аркалоочу, калктын турмуш деӊгээлин жогорулатууга, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгѳ кепил болуучу - финансы-экономикакызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Финансист болуу - бул элдин ишеничине арзыган, мамлекеттин келечегине жол салган, акыл-эмгекке таянган миссия. Бул кызматты аркалаган адистер коюлган милдеттерди аткарууда маселени алдын ала көрө билүү менен тактыкка чоң маани беришет. Сиздердин аракеттер – мамлекеттин күрөө тамыры болгон бюджетти түзүү менен гана чектелбестен, ар бир жарандын, ар бир үй бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга таасирин тийгизет.
Ѳлкөбүз соӊку жылдары олуттуу экономикалык өсүүгө жана туруктуу финансылык саясатты ишке ашырууга багыт алды.
Маселен, мамлекеттин маанилүү тармагы болгонкапиталдык салымдар 34,3 миллиард сомго чейин көбөйдү. Бул беш эселенген инвестициялык ишеним жана келечекке салынган чоң салым болуп эсептелет. Ал эми мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу 2021-2025-жылдары 70 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнүп, миңдеген үйбүлөнүн туруктуу турак жай менен камсыз болушуна өбөлгө түздү.
Ошондой эле, максаттуу трансферттер да жогорку темп менен өсүп 19,4 миллиард сомго жетип, мамлекеттик колдоонун аймактарга багытталган масштабдуу өсүүсүн көрсөттү. 2025-жылдын январь-апрель айларындагы бюджеттин аткарылышын карасак пландалган көрсөткүч 105,8 пайызга актарылды.
Мамлекеттин казынасы бюджеттик тартыштыктанарылып, профицитке чыкты. Ички дүң продукциябыздын өсүүсү триллиондон ашты. Эл аралык аренада ийгиликтерге жетише баштадык. Кыргызстан 700 миллион долларлык суверендүү еврооблигацияларды Лондон жана Гонконг биржаларында ийгиликтүү жайгаштырып, дүйнөлүк рынокто өз ордун бекемдөѳдѳ.
Бул жетишкендиктер финансы-экономикалык системанын кадрларынын талыкпаган эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн натыйжасы.
Урматтуу кесиптештер!
Мамлекетибиздин финансылык саясатын ишке ашырууда, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакубатчылык жана кесиптик бийиктиктерди каалайм!