Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВДИН КАТЫШУУСУНДА АРДАГЕРЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВДИН КАТЫШУУСУНДА АРДАГЕРЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын чоң залында Бишкек шаарынын ардагерлер коомдук бирикмесинин отчеттук кайра шайлоо чогулушу болуп өттү.

Чогулуштун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаев куттуктоо сөзү менен чыгып, ардагерлердин ишине ийгиликтерди каалап, Министрликтин ишине кошуп келген салымдарын баса белгилеп, жаш адистер үчүн тажрыйбалуу улуу муун катары үлгү болуп, талыкпастан эмгектенип жүргөндөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ардагерлерге Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналып чыгарылган юбилейлик медалдарын тапшырды.

Ардагерлер тарабынан финансы министри А.К.Бакетаевге, орун басары У.И.Календеровго, Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы А.А.Омуровага, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.К.Абдыбаповго Ардак грамоталар тапшырылды.

Чогулушта Министрликтин ишине тийиштүү бир топ маселелер талкууланып, Бишкек шаарынын ардагерлеринин төрагалыгына З.К.Мамытов шайланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1681

Окшош жаңылыктар