Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К БАКЕТАЕВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Мындан туура 35 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берилген.
Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Ата-бабаларыбыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын муундан-муунга мурастап, Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибизде лирикалык, эпикалык, дидактикалык чыгармаларды жаратып замандар бою сактап, атадан-балага, укумдан-тукумга ыйык керээз катары калтырып кеткен.
Ар бир кыргызстандык мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө үчүн мамлекеттик тил саясатын ырааттуу жана максаттуу жүзөгө ашырууга тийиш.