Menu
Тренддер
ФОРУМ: “КИЧИ-, ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕСКЕ ӨЗГӨЧӨ КОЛДОО” ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
КРФМ
“Кичи-, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” долбоорунун жыйынтыктарына арналган форум болуп өттү. Бишкек, 19-декабрь 2025-жыл – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде “Кичи-, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” долбоорунун жыйынтыктарына арналган форум болуп өттү. КР Финансы министринин орун басары Н. Акжолов МСБ — өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлеринин бири экенин, бул сектор жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешелерин камсыздоого жана региондордун туруктуулугун сактоого чоң салым кошорун белгиледи.
Жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын (анын ичинде кошумча 50 млн доллар) түзгөн долбоор өлкө боюнча 20 000ге жакын ишкерге 12 млрд сомдон ашык каражат бөлүп, 21 миңден ашык жумуш ордун сактап калууга жардам берди. Бул долбоор — Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү офисинин биринчи «Жогорку канааттандырарлык» баасын алган долбоору болуп, пландалган мөөнөттөн бир жарым жыл мурда ийгиликтүү аяктады.
Бизнес-ассоциациялар жана банктар долбоордун натыйжалуулугун, айрыкча бизнести өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берген пайызсыз насыяларды берүүнү белгилешти.
2026-жылдан тартып Финансы министрлиги МСБнын туруктуу каржы рынокторун өнүктүрүүгө жана айыл чарба-тамак-аш кластерлерин колдоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке киргизет, бул узак мөөнөттүү колдоону камсыз кылат.
2 сүрөттөр
0.00MB