Menu

Тажикстан  Республикасынын делегациясы Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын делегациясы Кыргызстанга келди

КРФМ

 

2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасына Тажикстан Республикасынын Финансы министри жана делагациянын башчысы Файзиддин Каххорзода баштаган делегация расмий иш сапары менен келишти.

Тажикстан Республикасынан келген өкүлдөрдү Манас эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Айдарбек уулу Талас расмий тосуп алды.

Делегациянын сапарынын максаты, 2026-жылдын 28–29-майында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмесине, ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча үчүнчү консультативдик кеңешмеге катышуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул жылы  Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө 25 жылдыгы белгиленет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
877

Окшош жаңылыктар