Тренддер
Кытай Эл Республикасынын делегациясы Кыргызстанга келди
КРФМ
2026-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына ШКУнун Өнүктүрүү банкы боюнча тең укуктуу төрага болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Финансы министрлигинин орун басары Ляо Мин жетектеген делегациянын мүчөлөрү расмий иш сапары менен келишти.
Кытай Эл Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрүн Манас эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов расмий тосуп алды.
Делегациянын сапарынын максаты, 2026-жылдын 28–29-майында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмесине, ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча үчүнчү консультативдик кеңешмеге катышуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул жылы Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө 25 жылдыгы белгиленет.
7 сүрөттөр
0.00MB