Menu
Тренддер
БИШКЕКТЕ МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ БОЮНЧА III ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
Бишкек, Кыргыз Республикасы – 2025-жылдын 18-июну
Кыргыз Республикасынын борборунда Мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында тажрыйба алмашуу боюнча III Эл аралык конференция өз ишин баштады. Иш-чара бюджеттик чөйрөдөгү актуалдуу маселелер жана алдыңкы тажрыйбаларды талкуулоо үчүн негизги аянтча болуп, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген делегацияларды чогултту.
Алгачкы эки конференция Москва шаарында (2023) жана Гомель шаарында (2024) өткөн, ал эми 2025-жылы Кыргыз Республикасы бул маанилүү иш-чараны өткөрүп жатып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана улуттук бюджеттик саясаттын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык курска берилгендигин көрсөтүүдө.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өлкө үчүн негизги артыкчылыктарды белгиледи: бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу, активдүү санариптештирүү, чыгымдарды “жашыл” маркалоо аркылуу экологиялык күн тартибин интеграциялоо жана туруктуу фискалдык системаны түзүү.
“Эл аралык алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуу системасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт», — деп белгиледи министрдин орун басары Э.Калдыбаев.
Конференциянын биринчи тематикалык блогу программалык-максаттуу бюджеттөө маселелерине арналды. Сессиянын алкагында төмөнкү баяндамалар сунушталды:
• Кыргыз Республикасы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги Айдарбек уулу Талас Кыргыз Республикасында “жашыл” бюджеттөөнү киргизүү тажрыйбасы жана аны Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен шайкеш келтирүү аркылуу фискалдык туруктуулукту камсыздоо аракеттери тууралуу баяндама жасады.
• Өзбекстан Республикасы: Өзбекстандын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Улугбек Нарзуллаев өз өлкөсүндө программалык-мақсаттуу бюджеттөөнү киргизүү боюнча тажрыйбасы жана негизги ыкмалары менен бөлүштү.
• Россия Федерациясы: Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Программалык-мақсаттуу пландоо жана долбоордук башкаруу департаментинин директору Николай Бегчин мамлекеттик программалардын өнүгүү тарыхы жана алардын натыйжалуулугун баалоо инструменттери боюнча россиялык тажрыйбаны сунуштады.
Биринчи блоктун соңунда “эркин микрофон” форматында активдүү талкуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар спикерлерге суроолорду берип, пикир алмашып, өз тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ачык диалог заманбап чакырыктарды тереңирээк түшүнүүгө жана мамлекеттик финансыны башкаруу системаларын өркүндөтүү үчүн биргелешкен чечимдерди табууга өбөлгө түздү.
Конференция эки күн бою өз ишин улантып, кесиптик байланыштарды мындан ары да чыңдоого жана катышуучу өлкөлөрдө мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
7 сүрөттөр
0.00MB