Главная
Жеңилдик болгондон кийин салык төлөөнүн кажети жок да?
     2009 жылдын 1 январдан баштап жаңы Салык кодекси күчүнө кирди. Салык түйшүгүнүн басымын салыштырып караганда жаңы Салык кодекси эски кодекстен алда канча артыкчылыктуу.
     Салык төлөөчүлөр үчүн жаңы кодекстин оң таасир берүү негизги белгилери булар:
1. Салыктардын саны эки же кыскартылган (сегиз жалпы мамлекеттик жана сегиз жергиликтүү салыктардын ордуна алты жалпы мамлекеттик жана эки жергиликтүү салык киргизилген);
2. КНСтин ставкасы 20%-тен 12% чейин төмөндөтүлдү (КНС негизи бюджет түзүүчү салык экенин эстен чыгарбаш керек); 3. Кичи бизнестен субъектилери үчүн жөнөкөйлөтүлгөн жалпы салыктын эң жогорку ставкасы 10дон 6%-ке түшүрүлдү;
4. 3 салыктын ордуна (авто жолдор үчүн, өзгөчө абалдарды жок кылдуу үчүн, калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соодадан алынуучу салык үчүн салыктар) бир гана 1,5-3,5% ченеминде болгон сатык салык калтырынган;
     Акцизге тийиштүү товарлардын тизмеси 21-ден 7-ге чейин азайтылган. Өзгөчө белгилей турган маселе, бул жаңы кодексти киргизүүдөн кийин Кыргызстандагы жалпы салык басымы жалаң эле коңушу мамлекеттер эмес, бардык чет өлкөлөрдүн көбүнө салыштырганда көп ылдый. Жаңы Салык кодексинде, мурдагы кодексте да көрсөтүлгөндөй эле бардык салыктык жеңилдиктер сакталган жана ал тургай кээ бир салыктар боюнча жеңилдиктер көбөйтүлгөн. Бирок ушуларга карабастан салык төлөөчүлөр үчүн дагы кошумча кылып, жаңы эле алынган кодексте кошумча катарында экономиканын кээ бир тармактарында салыктык жеңилдиктерди киргизди.
     Тактап айтканда:
1. Тамак өнөр жай жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынан кирешеден жана кошумча нарк салыгын (КНС) алуу алынып ташталды;
2. Эркин экономикалык зоналардын субъектилеринен КНСтен, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотуу;
3. Мүлккө болгон салыкты салууга мораторий жарыялоо;
4. Айыл чарба техникасын өндүрүүнү жана сатууну КНСтен куткаруу;
5. Кирешелик салык алынуучу эң төмөнкү эсептик кирешенин өлчөмү эки эсе азайтылды;
6. КНСтен бошотулган импорттолуучу негизги каражаттардын тизмеси кеңейтилди;
7. Мектепке чейинки мекемелердин атайын каражаттарына болгон салыктан бошотулду;
8. Жер салыгына болгон салыка жеңилдетүүлөр кеңейтилди. Жогоруда айтылган жеңилдиктер казынанын кирешесин өтө эле сезилерлик жоготууларга алып келди, бул болсо бюджеттин өтө чоң дефицитинин келип чыгышына алып келиши белгилүү. Албетте, инвестицияларды кызыктыруу үчүн салыктык жеңилдетүүлөр бүт дүйнөдөгү өлкөлөрдө колдонулуучу тажрыйба болуп эсептелет.
     Бирок тажрыйба көрсөткөндөй инвестицияларды колдонуунун натыйжалуулугу көбүнчө бирдей мааниде эмес. Себеби салыктык стимулдарды кээ бир абийирсиз салык төлөөчүлөр кыянаттык менен пайдаланып, казынанын кирешесин да кыскартат. Салыктык стимулдар чет элдик инвесторго көп деле пайда бербейт, себеби мындай пайданы инвестор эмес, анын өлкөсүнүн казынасы көрөт. Эгер пайда алган инвестиция бир өлкөдөн салыктан бошотулса, башка өлкөдө (инвестиция берген) салык төлөйт. Салыктык жеңилдетүүлллөрдүн керектүү негиздер болбосо натыйжасыз. Ушундай стимулдарга бай салыктык система мыйзамсыз киреше алууга жол берет. Биздин өлкөнүн экономикасын керектүү темпте өнүктүрүү үчүн, салыктык преференцияларды берүүнүү токтотуу зарыл.
     Салыктык жеңилдетүүлөрдүү берүүнүн дагы кандай терс жактары бар? Жеңилдиктерди киргизүүгө аракет кылуу же социалдык, экономикалык жана башка суроолорду чечүүгө салыктан бошотуу көнүмүш болуп калган каталык болот. Биринчиден, ар кандай салыктык жеңилдиктер салык системасын бузууга алып келет, баа түзүлүш системасын калыбынан өзгөртөт, администрированияга болгон зарптарда көбөйөт да салык төлөөдөгү мыйзам бузулуулардын келип чыгышына алып келет. Рынок экономикасына өтүп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасына караганда ар кандай салыктык жеңилдиктерди киргизе берүү салыктын чогулушун кескин азайтат, ошондой эле чет элдик инвестициялар деле өспөй калат. Кээ бир ишкерлер үчүн салыктык жеңилдетүүлөр капиталдык жана эмгек ресурстарын натыйжасыз бөлүштүрүүгө алып келет. Акыры бул пайдасыз жана туруксуз экономикага алып келет. Экинчиден, салыктык жүктү азайтуу бааларды төмөндөтүүгө жана инфляциялык процесстерди басаңдатууга көп таасир бербейт.
     Тажрыйба көрсөткөндөй салыктарды басаңдатуу төмөнкү фактыларга алып келет:
• Мамлекеттик бюджет жоготууларга учурайт, демек бюджет терс ситуациялар болгондо адрестик тез жардам көрсөтө албайт, мисалы талап азыктарына болгон баанын жогорулашына таасир кылуу. Товардын жүгүртүүсүн көбөйтүүдө (эгерде аларга салык жеңилдетилсе), салыктын көбөйүшү сезилбейт;
• Баалардын төмөндөшү же туруктуу абалда болушу кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ, бирок баа өсө баштайт. Мүмкүн башка товарларга баалар өсө баштаганда ишкерлер бизнести кирешелүүдө сакташ үчүн өз баасын да жогорулатат. Демек, жогоруда айтылган аракеттердин натыйжасы салыктык женилдетүүлөрдүн таасири негизги терс себеби мамлекеттик бюджеттин төмөндөтүү. Үчүнчүдөн – ар кандай салыктын жеңилдетүлөрдү түзүү салыктык мыйзамдарды аткарууну кыйындатып, салык чогултууну татаалдандырат. Кыскача айтканда, мындай жагдай бюджеттин кирешесин азайтпашы керек, же азайтса да башка булактардан толуктаныш керек. Мамлекет көп эле салыктык жеңилдетүүлөрдү бергенине карабастан көп салык төлөчүлар жеңилдиктерди дагы эле көбөйтө берүүнү сурашат. Буга күбө катары Ведомстволор аралык комиссияга 2000-ден ашык суроолор келип түшкөн, алардын 90% салыкты басаңдатуу же алып ташта жөнүндө.
     Эгерде мамлекет ушул субъектилердин талаптарын аткара берсе, анда социалдык программа (бюджеттегидин айлык акысан көтөрүү, калыктын начар катмарына социалдык жардам берүү жана башкалар) кайсы булактардан табуу кыйын болуп калат. Фискалдык мыйзамдар экспертизасы бөлүмү.
 

Добавить комментарий


Защитный код
Обновить

Обратная связь





Joomla 1.5 Templates by JoomlaShine.com