

| Государство оказывает дополнительную поддержку... |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-мартындагы №97 «Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» Жарлыгын жана 23-24-мартта болуп өткөн «Ынтымак» Курултайынын делегаттарынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомго ылайык, эми бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерге электр энергиясын колдонгондугу үчүн 50 пайыз өлчөмүндө компенсациялар төмөндөгүдөй керектөөлөрдүн нормасынын чегинде берилет. - 1-майдан 1-октябрга чейин бир айга 100 кВт/саат электрэнергиясына; - 1-октябрдан 1-майга чейин бир айга 220 кВт / саат электрэнергиясына. Бул компенсацияны төлөө үчүн республикалык бюджеттен 244,0 млн. сом кошумча бөлүнөт. Токтомдо бекитилген экинчи колдоонун түрү, бул жалпы билим берүү мектептериндеги 1-4-класстардын окуучуларына ысык-тамак уюштуруу үчүн 2010-жылдын 1-сентябрынан тартып 1 окуучуга 1 күнгө 10 сом өлчөмүндөгү норма киргизилди. Мындай шартта, 1-4-класстардын окуучуларына тамак аш уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 25 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаты каралат. Токтомдо белгиленген мамлекеттик колдоонун кийинки түрү - бийик тоолуу жана алыскы зоналарда ыктыярдуу патентин негизинде ишмердүүлүк жүргүзгөндөр үчүн ыктыярдуу патенттен алынуучу салыктын көлөмү 300 сомго кыскартылат. Орточо эсептөөлөргө ылайык, жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин кыскарган бөлүгүнө берилүүчү компенсациялардын өлчөмү 31 млн. сомду түзөт. Токтомдогу жеңилдиктерди республикабыздын 32 районундагы 768 айыл, шаарча жана шаарлар ала алышат. Мындан тышкары, токтом менен Ведомстволор аралык комиссия түзүлөт. Комиссия бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы райондордун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоолордун Комплекстүү программасын иштеп чыгат. Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бардык региондордогу проблемалар менен жеринде таанышуу максатында атайын график иштеп чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинен тартып, Финансы министрлигинин башчылары жана жооптуу кызматкерлери графикке ылайык чыгууларын Нарын облусунан башташат. *** *** *** Во исполнение Указа Президента КР «О дополнительных мерах государственной поддержки лиц, проживающих в тяжелых, неблагоприятных природно-климатических условиях высокогорья и отдаленных труднодоступных зонах и приграничных районах» от 27 марта 2010 года №97, также, учитывая предложения делегатов Курултая «Согласия» от 23-24 марта 2010 года, Правительством КР принято постановление «О дополнительных мерах государственной поддержки лиц, проживающих в тяжелых, неблагоприятных природно-климатических условиях высокогорья и отдаленных труднодоступных зонах». |